Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Талас

Фото — «Альянс Алтын» компаниясы Таласта тазалык жана жашылдандыруу иштерин аткарды

Turmush -  7-апрель күнү «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрү Жерүй алтын кени жайгашкан аймакка жакын турган Чоң-Чычкан дарыясынын жээгинде тазалоо иштерин жүргүзүп, Кара-Ой айылынан кенге чейинки жол жээгине теректин жана ак кайыңдын көчөттөрүн отургузду.

Компаниянын маалыматына караганда, бул иш-чарага ишкананын кызматкерлери менен бирге КРнын Энергетика, өнөр-жай жана тоо-кен комитетинин төрагасынын орун басары А.Сапаралиев, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобеков, айылдык кеңештин депутаттары жана Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектептин окуучулары, мугалимдери катышты. Тазалык, жашылдандыруу акциясынын жүрүшүндө Кара-Ой айылынан кендин аймагына чейинки 4 чакырымдан ашык аралыктагы жол жээги таштандылардан тазаланып, Чоң-Чычкан дарыясынын жээгине теректин, ак кайыңдын 1 миңден ашык көчөттөрү отургузулду.

«Альянс Алтын» ишканасынын башкы директорунун орун басары К.Мусаевдин айтымында, компания айлана-чөйрөнү сактоону өз ишмердигинин негизги багыты катары карайт. Бул иш-чара ишкананын «Экологияны сактоо» программасынын негизинде ишке ашырылды. Мындан ары дагы «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому КРнын Жаратылышты коргоо боюнча мыйзамын жетекчиликке алуу менен алтын кендин аймагындагы экологиялык шартты жакшыртуунун үстүндө иш алып барат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1988
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×