Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

«Биздин айылдын кыздары менен сүйлөшпө»: Кызды байлап, жигитин катуу сабаган 6 шектүү камакка алынды

Turmush -  Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылына сүйгөн кызына жолугушууга барган жигитти сабап, кыздын колу-бутун байлаган 6 шектүү кармалды. Алар убактылуу кормоочу жайга киргизилгенин бүгүн, 9-апрелде Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо аракеттери улантылып жатат. Аларга бейбаштык боюнча иш козголгон болчу.

Окуя туралуу:

Окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн. Учурда жабырлануучу дарыланып жатат.

Топ балдар жалгыз жигитти ур-тепкиге алганы видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукка белгилүү болду.

Ушул эле айылда 30-мартка караган түнү ушундай окуя болуп, сүйгөн кызына жолугууга барган 32 жаштагы жаран айылдык эки жигиттин ур-токмогунан каза болду.

Маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү эки жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат, шектүүлөр камакта.

Ноокаттын Бостон айылындагы акыркы окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштерди Ош облустук төргөө бөлүмү тергейт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4099
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×