Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Бостон айылына тааныш кызына барган жигитти сабап өлтүрүштү

Turmush -  Ноокат шаарынын Гүлистан аймагынын Бостон айылына барган 32 жаштагы жаран жергиликтүү 2 жигит тарабынан сабалып, оор жаракаттын кесепетинен каза болду. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-апрелде билдирди.

Маалым болгондой, маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү эки жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан кечээ, 5-апрелде көз жумду.

Бул окуяга шектүү катары Бостон айылынын 19-21 жаштагы эки тургуну кармалып, сот аларды бир айга убактылуу камакка алуу чечимин чыгарган. Алгач бейбаштык менен иш козголсо, жабырлануучу көз жумгандан кийин кылмыш ишти оор беренеге өзгөртүү каралууда.

Ушул эле айылда 30-март күнү саат 14:30 чамасында ушундай окуя болуп, сүйгөн кызына жолугууга барган жигит ур-токмокко алынганы маалым болду. Айылдан жолугушкан кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн.

Бул окуя видего тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сабалган бала милицияга арыз менен кайрылган.

Учурда жабырлануучуну сабаган балдар кармалып, бейбаштык боюнча кылмыш иш козголду. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18790
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×