Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баракелде, Бишкек 26.03.2018 12:57 На русском

Аскердик соттун мурунку төрагасы Н.Ашымбековго издөө жарыяланды

Turmush -  Аскердик соттун мурунку төрагасы Нурлан Ашымбековго издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта АКИpress агенттигине булактар билдирди. Башкы прокуратура аталган маалыматты тастыктады.

Маалым болгондой, Н.Ашымбеков сот отурумуна келген эмес.

Буга чейин Башкы прокуратура Аскердик соттун төрагасы Н.Ашымбековго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 313-берене (опузалап пара талап кылуу) жана 313-1-берененин (пара алуу) негизинде кылмыш иш козгогон болчу. Ага 50 миң доллар талап кылганы үчүн айып тагылган.

2016-жылдын 21-сентябрында Башкы прокуратурага Ш.Б. жана К.Б. аттуу жарандар аталган судьяга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал Д.Д. аттуу жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүү жана ага карата оң өкүм чыгарып берүү үчүн 50 миң доллар талап кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×