Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баракелде, Бишкек 26.03.2018 11:16 На русском

Кеңешбек Алмакүчүков Улуттук тарых музейинин жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Кеңешбек Алмакүчүков Улуттук тарых музейинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койгон.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тарых музейдин мурунку директору Анаркүл Исиралиева директордун илимий иштер боюнча орун басары болду.

Учурда музейди калыбына келтирүү иштери улантылып жатат. Президенттин жарлыгынын негизинде тарых музейине улуттук макамы берилген болчу.

Музейдин жаңы жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков учурда 54 жашта, 1 уулдун атасы. Ал — доцент, экономика илимдеринин доктору. Кыргыз-түрк «Манас» университетинде туризм адистиги боюнча мамлекеттик аттестациялык коммиссиянын төрагасы болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×