Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусу, Нарын 22.03.2018 18:37 На русском

Нарында 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Азим Жалал-Абаддагы депутаттын үйүнөн табылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында мындан 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азим Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылынан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ШИИБден билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов Turmush басылмасына чыккан маалымат боюнча милиция кызматкерлерине кайрылып, бир жыл мурун Асанкул уулу Азимге окшош бала багып алгандыгын жана анын жанында тийиштүү документтери жок экендигин билдирген. А.Осоркуловдун бул кайрылуусунун негизинде Нарын ШИИБдин кызматкерлери Азимдин ата-энеси менен чогуу Акман айылына барышкан.

«Азимдин ата-энеси А.Осоркулов багып жаткан бала менен жолугушту. Алар аталган бала өз уулу экенин таанышты. Ошол эле учурда бала дагы ата-энесин тааныды. Баланын табылышы боюнча тийиштүү иштер жүрүп, аны багып жаткан Актилек Осоркуловдон түшүнүк кат алынды», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Актилек Осоркуловдун айтымында, Азим ага бир жыл мурун келген жана жакын туугандары жок экендигин билдирген.

Бул баланын жанында документтери жок болгондугуна байланыштуу депутат тийиштүү органдарга кайрылган, бирок анын жакындары өз учурунда табылган эмес.

Азимдин азыркы учурдагы сүрөтү

Асанкул уулу Азим

Азим өзүн А.Осоркуловго Эрмек деп тааныштырып, ата-энеси жөнүндө билбей тургандыгын айткан. Учурда Азим ата-энеси менен Нарын шаарына келип, жакындары менен жашап жатат.

Нарын-Акман

Нарын шаарында дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азимди жакындары 7 жылдан бери издеп келишкен.

Нарын ШИИБдин маалыматына караганда, Нарын шаарынын тургуну Сайкал Курманакунова уулу Асанкул уулу Азим (документ боюнча Конокбай уулу Азим) 2011-жылдын 8-январында кечки саат 19:30дар чамасында Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келбегендигин билдирип, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Азимдин кичинекей кезинде тартылган сүрөтү

Азим 1995-жылы 20-августта төрөлгөн.

Кийинчерээк Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов Turmush басылмасына Асанкул уулу Азимди үйүндө багып жүргөндүгү жана аны кантип таап алгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×