Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 15.03.2018 07:53

1,4 млн сомдук унаа уткан кыргыз студенттер: И.Зияев Сауд Арабиядагы 70 миң мейманды кантип коноктоду? (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Идирис Зияев. Ал Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарындагы Ислам университетинде магистратурада тафсир (курандын мааниси) жана куран илимдери бөлүмүндө окуп жатат. Ал буга чейин араб тили институтунун шарият факультетин бүтүргөн.

«Сауд Араб Падышалыгы — алдыңкы 20 мамлекеттердин катарына кирген, 25% нефтинин запасына ээ болгон жана аны өндүрүү боюнча 1-орунда келе жаткан өлкө. Ошондой эле ал экономика, медицина, билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө көӊүл бурган, улуттук маданиятына, каада-салтына бекем болгон мамлекет катары да белгилүү. Бийлик башчылары өлкөнүн экономикасын көтөрөбүз деп "2030" аттуу программасын жарыялады.

Бул өлкөдө эки ыйык деп аталган Мекка жана Медина шаарлары жайгашкан. Ислам дининин маданияты дүйнө жүзүнө бул эки шаар аркылуу таркап, ааламдагы мусулмандар ажылыкка, умрага келгендиктен өлкөнүн падышасы аталган жерге көзөмөлдү катуу койгон. Мындан тышкары бул эки ыйык шаарга илим-билим алабыз деп дүйнө жүзүнөн келген жаштарга шарттарды түзүп берип, ислам маданиятын жана диний баалуулуктарды үйрөтүүдө Сауд Араб падышасы өз салымын кошуп келет. Баса белгилей кетчү маселе пайгамбарыбыз Мухаммед (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) Мекка шаарында төрөлүп, ал жерден аян түшүп, Медина шаарына келип өмүр сүрүп, элге дин таалимин, тарбиясын үйрөткөн. 14 кылымдар бою аталган эки шаар ислам маданиятынын, дин баалуулуктарынын булагы жана мекени болуп келет», - деди ал.

Жакында эле, Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарында өткөн каада-салт жана маданий көргөзмө сынагында аталган шаарда окуган кыргыз студенттер 1-орунду ээлеп, 2018-жылы чыккан Митсубиси унаасын утуп алышкан. Ал студенттердин катарында Идирис Зияев да бар. Ал бул унаанын болжолдуу баасы 1 млн 425 миң 380 сомду түзөрүн белгиледи.

«Бул маданий көргөзмөнүн максаты абдан чоӊ. Анда каада-салт, маданий баалуулуктар менен таанышуу жана улуттар аралык мамилени бекемдөө максатында уюштурулуп келет. Аталган маданий көргөзмөнү Ислам университетинин иш-чара өткөрүү бөлүмү ушул жылдын 27-февралынан 11-мартына чейин уюштурду. Ага аталган университеттен билим алып жатышкан 80ден ашуун өлкөнүн 510 студенти катышты. Алар көргөзмөдө өздөрүнүн улуттук каада-салттарын, маданий баалуулуктарын, улуттук кийим-кече жана тамак-аштарын көргөзүштү. Биздин кыргыз студенттерден 7 жигит катышып, көргөзмөгө келген 70 миң мейманды, анын ичинен жергиликтүү арабдарды, бул шаарга келген зыяратчыларды жана 190 өлкөдөн келип билим алып жатышкан студенттерди кыргыздын кымызы, шоро, таң, боорсок, каттама, чучук, бешбармак жана башка түрдүү тамак-аштары менен тосуп алып, кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салты, улуттук кийимдери менен тааныштырдык.

Сынакка 2 ай мурда даярданып, боз үй тигип, шырдак, төшөк салып, аркардын мүйүзүнөн жасалган жаа, эликтин туягынан жасалган камчы, карышкырдын жана түлкүнүн териси, жүндөн жана жыгачтан жасалган ар кандай буюмдарды, тамак-аштын 26 түрүн көрсөтө алдык», - деди ал.

Идирис акыркы жылдары бул иш-чаранын деңгээли жогорулап, расмий иш-чарага айланып, ачылышына Медина шаарынын мэри өзү катышып, көргөзмөгө катышкан өлкөлөрдүн элчилери расмий түрдө чакырылгандыгын баса белгиледи.

«Бул көргөзмөгө коюлган буюмдардын баардыгы Кыргызстандан алынып келинди. Бизге колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын Сауд Араб Падышачылыгындагы элчилигине, демөөрчүлөргө жана өз салымын кошкон бардык жеке инсандарга тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Бул көргөзмө жылда өткөрүлүп келе жаткан иш-чара. Жалпы айтканда быйыл 7-жолу өткөрүлүп жатат. Алгачкы жылдары болуп өткөн көргөзмөлөр иш-чаранын башталышы болгондуктан университеттин деңгээлинен жогору көтөрүлгөн эмес. Акыркы жылдары бул иш-чаранын денгээли жогорулап, расмий иш-чарага айланды. Баса, биз бул иш-чарага экинчи ирет катышып жатабыз», - деди ал.

Идирис Зияев 1987-жылы Баткен районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

«Биз үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз, 3 уул жана 3 кыз. Атам Зияев Газыбай, апам Зияева Турдукыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×