Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Баракелде, Бишкек 14.03.2018 17:29 На русском

Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорунан чыкты

Turmush -  Кыргыз Республикасынын өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мындай чечимге милдеттенмелердин аткарылбагандыгы, келишим тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн сакталбагандыгы: долбоорду ишке ашыруу боюнча сапатсыз документтердин, тактап айтканда техника-экономикалык негиздеменин сапатсыз даярдалышы жана сунушталышы себеп болду. ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес», - деп айтылат маалыматта.

Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, тактап айтканда долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Учурда долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», - деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсенкул Момункулов.

Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда өкмөт кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кабылбайт.

Буга чейин 2018-жылдын 11-январында өкмөт үйүндө Huawei Technologies Co., Ltd компаниясы менен «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында инвестициялык келишимге кол коюлган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×