Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.03.2018 17:04

Жаш талант: Үч түрдүү музыкалык аспапта ойногон Турат сынактарда байгелерге ээ болууда (фото)

Turmush -  Түп районун Жылуу-Булак айылынын 18 жаштагы тургуну Турат Үсөнов комузда, гитарада жана кыякта ойнойт.

Өзүнүн айтымында, учурда ал 11-класста окуйт. Ар кандай сынактарга катышып, эски ырларды аткарып келет.

«Комуз черткенди эки жыл мурун, гитара черткенди 3 жыл мурун үйрөнгөм. Ал эми аккордео́ндо бир жылдан бери ойноп жатам. Коңшу айылда Кубан деген өнөрлүү адам бар. Анын эки көзү азиз болгону менен абдан таланттуу. Ал мага кыяк черткенди дагы үйрөттү», - дейт ал.

Турат Үсөнов келечекте Рыспай Абдыкадыровдой залкар ырчы болгусу келет. Азыр райондук, облустук сынактарда анын ырларын аткарып, кары адамдардан бата алып келет. Учурдагы ырчылардан Асылбек Өзбековдун ырларын аткарат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×