Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 14.03.2018 16:08

Мас абалда унаа башкарган милиционер: РИИБдин тескөөчүсү кызматтык тапанчасын жоготту

Turmush -  Бишкек шаарында милиция кызматкери өзүнө бекитилип берилген Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны жоготту. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, милициянын ага лейтенанты Т.Б. ИИМдин Академиясында билим алган. Ал ички иштер органдарындагы кызматын Сокулук РИИБде аймактык тескөөчү болуп иштөө менен баштаган.

2012-жылы Сокулук РИИБдин Күн-Туу милиция бөлүмүндө участкалык инспектор болуп иштеп жатканда Чүй ОИИБдин буйругу менен ички иштер органдарындагы кызматынан бошотулган. Буга анын кызматкердин жеке сапаттарына коюлган талаптарды аткарбаганы, тактап айтканда мас абалда унаа башкарып, кырсыкка кабылганы, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкеринин беделин түшүргөнү себеп болгон.

Ал 2015-жылы Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде ички иштер органдарына кайра кабыл алынган. Тактап айтканда, ал акталып, Аламүдүн РИИБдин Беш-Күнгөй аймактык милиция бөлүмүнүн участкалык инспектору болуп дайындалган.

Т.Б. Аламүдүн РИИБдин коомдук коопсуздук кызматында иштеп жатканда кайрадан талапка ылайык келбеген кадам жасаган. Ал 9-март күнү кечинде Бишкек шаарынын аймагында ага бекитилген куралды — Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны жоготкон. Бирок ал бул тууралуу 13-март күнү билдирген.

Аталган факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Аламүдүн районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Учурда жоголгон тапанча изделип жатат.

«Жарандарга мыйзамсыз курал сактоодо жоопкерчилик тууралуу эскертебиз. Куралды таап алган учурда жакынкы милиция бөлүмүнө берүүнү суранабыз. Куралды өз каалоосу менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×