Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баракелде

Депутат экс-президент Роза Отунбаеванын пенсиясы канча сом экендигине кызыкты

Turmush -  Кыргызстанда пенсия төлөө боюнча теңсиздик бар деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

«Мындай мисал келтирели: Атасы 40 жыл мугалим болуп иштеп, пенсияга 10 миң сом менен чыгат. Ошол эле учурда анын уулу милициянын күзөтүндө 18 жыл иштеп, пенсияга 20 миң сом менен чыгат. Бул адилеттүүбү?», - деди депутат.

Ошондой эле, депутат Соцфонддун башчысы Тенизбек Абжапаровдон экс-президент Роза Отунбаева канча сумма менен пенсияга чыкканын сурады.

Өз кезегинде Т.Абжапаров азыркы мыйзам боюнча экс-президенттердин пенсиясы президенттик убакта алган маянасынын 70%на барабар экендигин айтты.

«Ал пенсияга жаңы гана чыкканда ага бөлүнгөн сумма 5 миң сомду түзгөн. Өмүр бою элчи болуп иштеп жүрүп, пенсияга 4 миң сом менен чыккан адамдар бар. Ошол эле убакта прокурорлор 90 миң сом пенсия алышат», - деди Р.Момбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10355
Көп окулду
×