Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусуНоокат району 14.03.2018 15:15 Жаңыланды: 14.03.2018 18:39

Мекендештер: Кыргызстандык Г.Мурзабаева Москвада «Сармерден» сынагын уюштуруп, комуз ийримин ачты (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Күңгөй-Кожоке айылында туулган Гүлшайыр Мурзабаева Россиянын Москва шаарында «Сармерден» сынагын уюштуруп келет.

Өзүнүн айтымында, ал Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө кыяк чертүү боюнча 4 жыл билим алган.

«Москва шаарында жашап жатканыма 5 жыл болду, буга чейин Новый-Уренгойдо 12 жыл иштеп жүрдүм. Өзүм маданий иш-чараларга көп катышчумун. Мекенимен алыс болсом дагы интернеттен «Сармерден» сынактарын калтырбай көрчүмүн. Москвада дагы уюштуруу демилгесин көтөрсөм, мекендештерибиз дароо колдоого алышты. Бөтөн жерде кыргыз маданиятын башка элге таанытууга аз да болсо салымыбызды кошолу деп Москвада көп жылдан бери жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештер арасында «Сармерден» сынагын уюштурдук. Бул иш-чара элди биримдикке, достукка, ынтымакка чакыруу жана кыргыз өнөрүн жайылтуу, кыргыздын нукуралуулугун сактап калуу максатында өткөрүлдү. «Сармерден» сынагын биринчи жолу Москвадагы мекендештер арасындагы таланттууларды интернет аркылуу таап баштаганбыз. Эл жакшы кабыл алган. Бул сынактын өтүп жатканына 3 жылдай болуп калды. Мындан тышкары, ыр кесе уюштуруп, комуз чертүүнү үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын ийрим ачтым. Учурда 8 кызга комуз чертүүнү үйрөтүп жатам», - деди ал.

Ал «Сармерден» сынагында ар облустун кыз-жигиттери таймашка түшөрүн белгиледи.

«Кийинки сынактарда Таластын жигиттери менен Кара-Кулжанын кыздары таймашып, жакшы оюн куруп беришкен. Буга чейин Алайдын жигиттери менен Ысык- Көлдүн кыздары, Өзгөндүн жигиттери менен Аксынын кыздары, Сузактын жигиттери менен Кадамжайдын кыздары, Москвадагы тамада жигиттер менен ырчы айымдардын, Нарындын жигиттери менен Ноокаттын кыздары, Кара-Кулжанын жигиттери менен Токтогулдун кыздарынын ортосундагы тамашалуу достукту бекемдеген «Сармерден» сынак оюнун өткөрдүк. Жакын арада 8 - айланпага Аксынын жигиттери менен Кара-Суунун кыздары даярданып жатышат. Ыр кесени да Москвадагы элге таанылып калган ырчы-чоорчулар баштап беришкен. Алар «Мундуз» коомуна өткөрүп беришип, «Мундуз» коому кезекти Кара-Кулжанын элине сунуп, ыр кесени жогорку деңгээлде өткөрүп беришкен», - деди ал.

Г.Мурзабаева москвалыктар кыргыздардын талантын баалап, кээде таң калышарын белгиледи.

«Биз сынакты орустардын залдарын ижарага алып өткөрөбүз. Алар таң калашып, талантыбызга суктанып калышат. Биз алыс болсок да ушундай иш-чара өткөргөнүбүзгө баа беришет.

Бош убактымда комуз чертем, кээде ыр жазам. Буйрутмалар менен кээде тойлордо ырдайм. Келечекте кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуп, катылып жаткан таланттарды элге чыгарсам дейм. Бактылуу өмүр сүргөнгө аракет кылып, бактылуу каарылык тилейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×