Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Бишкекте «Мицубиси» менен тез жардам унаасы кагышып, дарыгер жана 2 жаштагы наристе жабыркады

Turmush -  Бишкек шаарында тез жардам унаасынын катышуусунда жол-транспорт кырсык катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта АКИpress агенттигине ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдалды.

Маалыматка караганда, 13-март күнү саат 18:45 чамасында 28 жаштагы Р.Р.нын башкаруусундагы «Мицубиси Лансер» Матросов көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып тез жардам кызматынын унаасы менен кагышкан. Кырсык Матросов менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы дарыгер Н.Н. жана тез жардам унаасындагы 2 жаштагы К.С. жаракат алган. Дарыгерге медициналык жардам көрсөтүлүп, баш сөөгүнөн жаракат алган наристе №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

«Мицубиси Лансер» айып аянтчасына токтотулуп, топтолгон материалдар ШИИБге өткөрүлүп берилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2324
Көп окулду
×