Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.03.2018 11:37 На русском

Айыл турмушу: Өзгөндүк чабан К.Ысмайылов тапкан кирешесине айылына 100 орундуу бала бакча салдырган (видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургуну Кубатбек Ысмайылов 18 жылдан бери мал чарбада иштеп, өзүнүн айылына бала бакча салып берген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1000ге жакын кой, 50дөн ашык жылкысы бар. Учурда айылдык кеңеште депутат. Мал чарбасынан тапкан кирешесине айылына 2015-жылы 100 орундуу бала бакча салдырган.

«1990-жылы аскерге кетип, 1992-жылы кайтып келдим. Ал убакта СССР таркап, жумуш жок, заман татаал болуп турган. Элдин бардыгы коммерция кылууга ыктап турган маал эле. Мен дагы Бишкекке барып, 3-4 ай иштеп келгем. Айылга келсем атам «айылда деле тиричилик кылсаң болот, иштейм деген адам, айылда деле иштейт» деп алып калды. Атамдын бир ооз сөзү менен айылда калып калдым. Башында дыйканчылык кылып жүрдүм, акырындап мал чарбага өтүп кеттим. 2000-жылы атамдан бөлүнүп, өз алдымча мал чарба менен алектене баштадым», - деди ал.

Мал чарбасын алып кетүүдө бир адам жетише албайт. Мындан улам кой, уй, жылкы багууга атайын жумушчучуларды алган.

«Балдарым жаш, өзүм баарына жетише албайм. Мага жардамдашкан балдар бар. Учурда койлорум 1000ге жакын, анын 500 кой төл берет. 100 кой күздө төл берсе, 400 кой жазда төл берет. Жазгы төлдүн айырмачылыгы — койлордун көбү эгиз тууйт. Тууй турган койлорду алдын ала келип келип, сарайда багабыз. Козулары 10 күндүк болгондо гана энеси менен койлорго кошуп коебуз. Малды керектөөлөрүбүзгө жаратып, сатып турабыз. Азыркы тапта жакшы төл алуу үчүн Тажикстандын кочкорлору менен аргындаштырып, төл алып жатабыз. Анткени аргындашкан койлор чыдамдуу, күчтүү болот. Койлорду асылдандыруу үчүн гиссар койлорду да алып келгем. Бирок алар өтө назик болгондуктан, кыргыз койлорго аргындаштырып төл алып жатабыз», - деди чабан.

Каарманыбыз малы үчүн тоютту да өз учурунда камдайт.

«Мал чарбачылыгын уюштурган адам, сөзсүз дыйканчылык кылыш керек. Биз айдоо жерлерибизге жүгөрү, арпа эгип, тоютту өзүбүз камдайбыз. Жылына жемден сырткары 7-8 миң түк чөп кетет. Негизи мал чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн эрк керек. Акчаң болгон менен малдын кыйынчылыгына чыдабасаң мал кармай албайсың», - деди ал.

Малчы-депутат 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×