Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.03.2018 11:10

Сузакта иске ууланган жаш үй-бүлөдөн ата менен 5 жаштагы бала каза болду, экөө оор абалда

Turmush -  Сузак районунун Кайрагач айылында бир үй-бүлө мүчөлөрү көмүрдүн исине ууланып, 2 адам каза болду. Ал эми эне жана баланын абалы оор.

Сузак аймактык ооруканадан алынган маалыматка караганда, бүгүн, 14-мартта саат 07:15тер чамасында Кайрагач айылынан көмүрдүн исине ууланган бир үй-бүлөдөн төрт атуулду туугандары ооруканага алып келишкен. Көмүрдүн исине ууланган үй-бүлөнүн ээси — 1990-жылы туулган А.А менен 2013-жылы туулган уулу А.Х каза болуп калган. Ал эми маркумдун жубайы — 1992-жылы туулган А.Зияда менен 2015-жылы туулган баласы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Эне жана баланын абалы туруктуу оор бойдон турат, азырынча өздөрүнө келе элек. Бейтаптарга керектүү дары-дармектер берилүүдө. Туугандары түнү үйүндө мешке көмүр салып коюп, укташканын айтышты», - деп билдиришти мекемеден.

Маалым болгондой, жабыркаган адамдарга истүү газга ууланган деген диагноз коюлган. Алып келгенде үй-бүлөнүн ээси А.А жана уулу А.Х өлүк келген. Ал эми жубайынын баш мээси шишиген. Баласы А.А дагы истүү газга ууланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×