Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 14.03.2018 10:12

Лейлектин Өзгөрүш айылынын эли таш кулоо коркунучу бар кооптуу жерлерде жашап жатат

Turmush -  Лейлек районунда тоолуу аймактарда таш кулоо коркунучунда жашап жаткан тургундарга жер берүү маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбей келет. Бул тууралуу ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, райондун Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын тургундары тоо астында кооптуу делген жерде жашап келет. Андыктан аталган айылдын тургундарын ӨКМ тарабынан башка жерге көчүрүү аракети көрүлүүдө. Бирок жергиликтүү айыл өкмөт тарабынан жер маселеси чечилбей жаткандыктан жергиликтүү тургундар кооптуу жайда жашоого аргасыз болууда. Катраң айылында 10 ашуун кооптуу делген жерде жайгашкан үйлөр бар. Тагыраагы 40 ашуун адам жашайт. 2007-жылы катуу жер титирөөнүн айынан ушул эле айылдагы 10 ашуун үйгө таш кулап, жарактан чыккан. Айыл тоо астында жайгашып, таш кулоо коркунучу бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Бул боюнча кечээ, 13-мартта ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери кайрадан эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×