Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Ош 14.03.2018 09:25

Курманжан датка атындагы Ош лицейдин окуучулары олимпиаданын 11 медалын утуп, ата-энелер менен мүдүр Дубайда эс алып келишти

Turmush -  Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Курманжан датка атындагы Ош лицейинде сабактан тышкаркы убакытта окуучулардын билимин тереңдетүү, дүйнө таанымын кеңейтип, патриоттуулук, лидерлик сыяктуу жогорку сапаттарга үндөө максатындагы ар кандай багыттагы иш-чаралар улантылып жатат. Ошондой эле, окуучулар ар кандай сынактарда күч сынап, тажрыйба топтошот.

Март айында өткөрүлгөн иш-чаралар

Аялдардын эл аралык майрамын утурлай 7-март күнү окуучулар менен адаттагыдай дил маек өткөрүлдү. Бул маекке Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер, профессор, легендарлуу «Кыз Бурак» тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова катышты. Ал окуучулардын суроолоруна жооп берүү менен аларга жакшы тилегин айтып, батасын берип, өзүнүн ырларынан аткарып берди.

Ошол эле күнү 8-класстын окуучулары жардамга муктаж болгон Кыздаркан айым менен уулу Максатка өздөрүнүн күчү менен даярдашкан жармаңкеден түшкөн каражатты материалдык жардам катары алып барышып, майрамга карата таттуулар менен куттуктап келишти. Окуучулар алардын батасын алып, алкоо сөздөрүн укканда сүйүнүч пайда болгонун белгилешкен. Мындай иш-чаралар ар ай сайын уюштурулуп турат.

Бул айда окуучулардын ата-энелери лицейдин мүдүрү Сардарбек Каипов менен биргеликте Дубайга барып саякаттап келишти. Дубайда Кыргыз туусунун жана Ак калпак күнүн жакшы белгилеп, Бириккен Араб Эмирлигинин ар кайсы шаарларында ак калпак кийип, тууну кармап эстелик сүрөттөргө түшүштү. Дубайда ата-энелер туристтик жерлер менен гана таанышпастан ал жакта окуп жана эмгектенип жүргөн эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү менен да жолугушуп, чет мамлекетте окуу жана эмгектенүү боюнча маалыматтарга ээ болуп келишти.

7-март күнү лицейдин мугалимдерине окуучулар концерттик программа көрсөтүп, мугалимдерге арнаган ырларын ырдашып, бий бийлеп ыраазычылыктарын билдиришти. Аларга ыраазы болгон мугалимдер окуучуларга баталарын беришти.

Бул программанын кеңейтилген бөлүгү 8-март күнү улантылып, лицейдеги апаларга «Аталар күндөгүдөй» деген аталыштагы чоң программадагы концерт жана сый тамак тартууланды. Андан соң апалар ортосунда акыл оюндар ойнолуп, волейбол, баскетбол, стол тенниси, эстафета боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчү командаларга 1-2-3-даражадагы сертификаттар берилген. Иш-чаранын алкагында апалар менен келген кичинекей балдар үчүн аквагрим уюштурулуп, атайын даярдалган аянтчада балдар тарбиячылар менен биргеликте ар түрдүү боёктор менен грим жасап, апаларына белек тартуулашты. Бул күнү 5-6-класстардын окуучулары апаларына кат түрүндө куттуктоо жазышса, 7-11-класстын окуучулары өз колдору менен даярдаган, токулган белектерин тартуулашты. Бул иш-чаранын алкагында апалар үчүн жармаңке да уюштурулуп, андан түшкөн каражат муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилди.

Жыл башынан бери лицейде уюштурулган ата-энелер мектебинин, тамак-аш, кол өнөрчүлүк ийримдеринин, англис тили жана түрк тили боюнча өткөрүлгөн сабактардын, семинарлардын активдүү катышуучуларына лицейдин администрациясы тарабынан мактоо жана ыраазычылык баракчалары берилди.

Ал эми 9-март күнү лицейде эмгектенип жаткан мугалимдердин жана тарбиячылардын апаларына майрамдык маанай тартууланды. Аларга да өзгөчөлөнгөн программа көрсөтүлүп, Сулайман-Тоого зыярат кылып, кинотасма көрүүгө да жетишишти. Алар «Сема» лицейи менен да таанышып чыгып, аягында жогорку деңгээлдеги майрамдык иш-чара үчүн лицейдин администрациясына ыраазычылык билдиришти.

10-март күнү бүтүрүүчүлөрдүн апаларына майрамдык программа болуп, аларга да сый тамактар тартылган. Ар бир бүтүрүүчүнүн учурда иштеп жаткан иши, үй-бүлөсү боюнча маалыматтар алынып, окуп жаткан студенттердин келечеги боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин шаарга экскурсияга чыгышты. Бул күнү окуучулар лицейге жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдө жашаган, базарда соода кылган жана көчөдө, коомдук унааларда жүргөн айымдарга, апаларга гүл тартуулап, майрамдык каалоолорун айтышты. 8-март энелердин гана майрамы эмес, боорукердиктин, мээримдүүлүктүн, адамдардын ортосундагы байланыштын майрамы, дешет окуучулар.

Билим тармагындагы жетишкендик:

Лицейдин окуучуларынан түзүлгөн 7 команда республикадагы мектептер арасында өткөрүлгөн «Роботфест-2018» олимпиадасына катышып келишти. Андагы ар бир команда 2 окуучудан түзүлүп, жалпысынан 14 окуучу билимин сынаган. Анын жыйынтыгында эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу Курманжан датка атындагы Ош лицейинин окуучулары 7 күмүш, 4 коло медаль алууга жетишти.

Катышуучулар:

1. Аматова Алия менен Эржигитова Айкөл («Датка-1» командасы) күмүш медалга ээ болушту;

2. Тажиматова Муслима менен Имарова Бегимай («Датка-2» командасы) коло медалга ээ болушту;

3. «Датка-3» командасынын мүчөлөрү Жанышбекова Айгерим менен Насырова Маиза коло медалга ээ болушту;

4. «Датка-5» командасынын мүчөлөрү Абдулазизова Мукадамхан менен Исмаил-Оглы Зарина күмүш медалга ээ болушту;

5. «Датка-6» командасынын мүчөлөрү Бузейнеп Ысманалиева менен Алтынай Идирисова коло медалга ээ болушту;

6. «Датка-7» командасынын мүчөлөрү Бегимбай кызы Фарида менен Тургунова Асел коло медалга ээ болуп, окуучулар билим деңгээли жогору экенин көрсөтө алышты.

Окуучулардын активдүүлүгү менен жетишкен ийгиликтери, лицейдин намысын татыктуу коргогону үчүн алардын мугалими Анара Базаркуловага лицейдин жетекчилиги ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×