Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Чүй

Жогорку Кеңештин депутаты Токмок шаарынын башчылыгы үчүн ат салышат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо 17-март күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Токмок шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Айгүл Идинова билдирди.

Учурда шаар башчылыгына 3 талапкер катталды. Алар:

- Келдибеков Нурлан Белекович, Токмок шаардык кеңештин депутаты (КСДП). Мурда Токмок шаарынын вице-мэри болуп эмгектенген.

- Самаев Урматбек Обозбекович, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты («Кыргызстан» патиясы).

- Амангельдиев Данияр Жолдошевич, Tazabek сайтына жарыяланган маалымат боюнча Мамлекеттик сектордогу чыгымдарды пландоо башкармалыгынын жетекчиси катары катталган.

Токмок шаардык кеӊеште 31 депутат бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1819
Көп окулду
×