Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Гапыр Мадаминов негиздеген Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияда энелер жана жаш мугалимдер да окушат (фото)

Turmush -  «Акыл эмгегинин маданияты» китебинин автору, Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илим-изилдөөчүсү, Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов окуучулар үчүн жаңы киргизилген сабактардын өзгөчөлүгү жана алардын жемиши тууралуу айтып берди.

Өзүнүн айтымында, ал үч жыл чуркап жүрүп, 1996-жылы эксперименталдык гимназияны ачкан. Учурда анда 17 мугалим, 200 окуучу билим алып жатат.

«Өзүм катардагы жөнөкөй мугалиммин. Биздин гимназиянын өзгөчөлүгү энелердин мектебин ачып, энелерди окутуп жатканыбызда. Экинчи өзгөчөлүк жаңы акыл эмгегинин маданияты сабагын киргизип, аны окутуп жатканыбызда. Үчүнчүдөн ой өрүшү кругозор деген жаңы сабакты киргизип, аны окутуп жатканыбызда. Жаш адистер үчүн жаш мугалимдер мектебин ачтык. Мына ушул факторлордун натыйжасында бүгүнкү күндө биздин окуучуларыбыз жалпы республикалык тестирлөөдөн орточо 168 упай алып жатышат. Жылына 25 бала мектепти бүтүрсө, алардын 99-100% жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтөт. Анын ичинде бир жылда 14 бүтүрүүчүбүз Медициналык академиянын бюджеттине өттү. Бүгүнкү күндө 65 бүтүрүүчүбүз ошол окуу жайда билим алып жатышат, бул биз үчүн сыймык. Алардын алды бүтүп, иштеп жатат. Андан сырткары Германия, Япония, Америка, Кытай, Түркияда 49 окуучубуз билим алып, иштеп жүрүшөт», - дейт ал.

Г.Мадаминов өзү жазган «Акыл эмгегинин маданияты» китебинин негизинде окуучуларга сабак берип келет.

«Мен тарых мугалимимин, «Акыл эмгегинин маданияты» китебимдин негизинде балдарга сабак берип келем. Предметтик олимпиаданын жыйынтыгына токтолсом, 15 жылдын ичинде 21 окуучу республикалык турдан 1-2-3-орундарды алып келүүдө. Былтыркы жылы орус тилинен бир окуучубуз 1-орунду алды. Орус тилинен 2 жолу 1-орунду алып жатабыз. Бул ийгилик гимназиянын мугалими Чынара Токтоназарованын эмгеги. Ийгиликтин сыры энелер мектебин ачып, окуучуларды олимпиадага, жалпы республикалык тестирлөөгө Акыл эмгегинин маданияты сабагынын негизинде даярдайбыз. Окуучулардын ой өрүшү кругазорун өстүрүү боюнча атайын китеп жазып, сабак катары киргизгенбиз. Энелер мектебинде балдарды үй-бүлөдө тарбиялоонун ыкмаларын жана жолдорун үйрөтөбүз. Анын программасын, колдонмосун да жазганбыз жана окуу китеби бар», - деди мугалим.

Ал акыл эмгегинин маданияты жана ой өрүшү кругозор сабактарында кандай темалар камтылганын айтып берди.

«Акыл эмгегинин маданияты сабагында балдардын билим алуудагы жөндөмүн өстүрүүгө басым жасалат. Китеп менен иштөө, эске тутуп калуу, жаттоо, түшүнүү, ой жүгүртүү, эссе, дил баян жазуу, реферат жазуу, маселе чыгаруу, мисал иштөөнүн методикасы, өз алдынча билим алуунун методдорун өтөбүз. Эске тутуунун методикасы деген атайын тема бар. Эстеп калуу, жаттоонун методикасын атайын тема кылып өтүп, кайра ушул темаларды трениг өтүү менен бышыктайбыз. Азыр балдардын кругозору тайкы, логикасы да жакшы өрчүгөн эмес. Ой өрүшү кругозор китебин жазып, ошонун негизинде сабак өтүлөт. Биздин балдар чет жерде өзүн суудагы балыктай сезүү үчүн, ой жүгүртүүсү кенен болсун деген максатта ушул сабактарды киргизгенбиз. Биринчи англис тилин кенен өздөштүрүп, андан кийин ой өрүшү кругозорун өстүрүүгө басым жасап жатабыз», - деп кошумчалады Г.Мадаминов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1428
Көп окулду
×