Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 16:19

Ош шаарынын бюджети 940 млн сом болуп бекитилди

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта күндүн экинчи жарымында Ош шаардык кеңешинин сессиясы уланып, дагы 10 маселе каралды. Анын жыйынтыгында Ош шаарынын 2018-жылдагы бюджети 940 млн сомдун тегерегинде бекитилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 105 млн сомго көп. Бюджеттеги эң көп каражат билим берүү тармагына бөлүнүп, 50 пайызды камтыйт.

Ал эми Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын бюджети 17 млн сомго азайтылып, 74 млн сом болду. «Ош-Тазалык» ишканасына караган 54 гектар аянтты дезинфекциялоого 1 млн 760 миң сом каралган. Ошондой эле, жолдор башкармалыгынын бюджети 6 млн сомго көбөйүп, 21 млн сомго жетти.

------------------------------------

Бүгүн Ош шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүп, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коомдук активисттер чогулган, деп билдирди мэрия.

Сессиянын күн тартибине 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчёту каралды. Алгач мэр А.Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жылдык отчетун канааттандырарлык деп табышты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×