Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 13.03.2018 16:04 На русском

Өгөй энеси нан жегени үчүн катуу сабап, ооруканага түшкөн 9 жаштагы кыз мектепте билим алган эмес

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү балдар ооруканасына катуу сабалган абалда түшкөн 9 жаштагы кыз менен жолугушту. Ведомствонун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жабырлануучу кыз мектепке барган эмес. Анын денесинде көгөргөн, тытылган тактар бар.

Өгөй энеси нан жегени үчүн катуу сабап, ооруканага түшкөн 9 жаштагы кыз

Ким тарабынан сабалганын сураганда ачка болуп үйдөн нан уурдап жегени үчүн өгөй энеси ур-тепкиге алганын айткан. Ал адамдар менен сүйлөшүүдө ачык-айрым экенин байкоого болот.

Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Аламүдүн райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдүн жетекчисине кайрылган. Жетекчинин орун басарынын айтымында, кыздын үй-бүлөсү 3 ай мурун Маевка жаңы конушуна көчүп келген. Ал атасы, өгөй апасы, иниси жана эки аталаш сиңдиси менен бирге жашайт. Атасы курулушта иштесе, өгөй энеси үй кожейкеси. Кыздын өзүнүн апасы эки жыл мурун дайынсыз жоголуп, учурда укук коргоо органдары тарабынан изделип жатат.

Аламүдүн районунун жетекчисинин орун басарынын айтымында, аталган район ички миграциянын агымы чоң аймак болуп эсептелет. Ага байланыштуу үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө ушул сыяктуу үй-бүлөлөрдү каттоо жана көзөмөлгө алуу бир топ кыйынчылыктарды жаратат.

Учурда бул окуя ИИМдин жашы жете элек балдар инспекциясынын, Билим берүү министрлигинин комиссиясында каралып жатат. Анын жыйынтыгында балдарды коргоо комиссиясы тарабынан чаралар колдонулат.

Ошондой эле, бул окуя акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×