Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө бир аптада жол эрежесин бузган 835 айдоочудан 300 миң сомдон ашык айып өндүрүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 5-11-март күндөрү жол кыймылынын эрежесин бузган 835 айдоочу аныкталган. Бул тууралуу ЖККК бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жангабылов маалымдады.

Анын айтымында, кармалган айдоочулардын басымдуу бөлүгү ылдамдыкты чегинен ашыргандар болгон.

«Бир жума аралыгында облус аймыгында 52 жол сакчысы күчөтүлгөн тартипте иштеп, мамлекетке 300 миң сомдон ашуун айып өндүрүлгөн. Учурда жол кырсыктарын болтурбоо үчүн тишийтүү аракеттер көрүлүп жатат. Былтыркы жылы бул убакта 67 жол сакчысы иштеп, жол кыймылынын эрежесин бузган 1546 айдоочу аныкталган», - деди Б.Жангабылов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 893
Көп окулду
×