Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Лейлектеги чек ара бекетинин башчысы айып пулдарды өзү пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылды

Turmush -  Лейлек районунун «Достук» чек ара бекетинин башчысы, майор А.Э. мамлекетке 33 миң сом зыян келтиргендиги үчүн 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Баткен горнизондук аскер прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 12-март күнү Лейлек райондук сотунун өкүмү менен 6 жылга эркинен ажыратылды. Аны эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, 1 жыл сыноо мөөнөтү берилди.

А.Э. «Достук» чек ара бекетинин башчысы катары чек ара тартибин бузган адамдарга 3000 сомдук айып пул салууга укуктуу болгон. Андан топтолгон 33 миң сомду мамлекеттин кызыкчылыктарын көздөбөстөн кызматтык бөлмөсүндө темир сейфинде сактап, өз кызыкчылыгына пайдаланып жок кылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1021
Көп окулду
×