Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 13.03.2018 11:18 На русском

Кытай улутундагы күйөөсүн ата-энесине билдирем деп таанышын коркуткан жигит акча талап кылган

Turmush -  Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 21 жаштагы студент кыздан акча талап кылып жүргөн жигит кармалды. Шектүү 8-мартта камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатканын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Шахнозага (аты өзгөртүлдү) Улан аттуу таанышы телефон аркылуу кат жазып: «Сенин башка улуттагы адамга турмушка чыкканыңды, сабакка катышпай жүргөнүңдү ата-энеңе айтам», - деп опузалап, 100 миң сом талап кылган. Мындан тышкары телефон аркылуу ар кандай маалыматтарды тарата турганын айткан.

Кыздын арызы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси менен кылмыш иш козголду. 23 жаштагы шектүү дүкөндүн жанынан Шахнозадан 30 миң сом алып жаткан учурда кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×