Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.03.2018 10:32 Жаңыланды: 13.03.2018 12:37

Өзгөндө тамакка уулангандардын саны 14 адамга жетти, алардын төртөө жаш балдар

Turmush -  Бүгүн, 13-мартка караган түнү Өзгөн аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланган адамдар жеткирилди. Ооруканадан алынган алгачкы маалыматтар боюнча, текшерүүдөн кийин 10 адам ооруканага жаткырылып, ботулизм экени аныкталган. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти уулангандардын саны 14 адамга жеткенин, алардын ичинен төртөө жаш балдар экенин билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, ооруканага кечээ, 12-мартта саат 17:30дан тарта 22:00гө чейин 9 адам, бүгүн, 13-мартта 5 адам кайрылган. Акыркы маалыматтар боюнча, 3 жабырлануучунун абалы оор деп бааланып жатат.

Ууланган адамдардын баары бир көчөнүн тургундары. Алар кечээ ашар жолу менен иштеген айылдаштары менен бирге тамактанышкан.

Уулангандардын тизмеси:

- 2012-жылы туулган М.Р. (кыз), балдардын жандандыруу бөлүмүндө;

- 1989-жылы туулган Х.А. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 2007-жылы туулган У.М. (эркек), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 2004-жылы туулган М.А. (эркек), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1977-жылы туулган С.А. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1985-жылы туулган И.Н. (аял киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1979-жылы туулган А.А. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1994-жылы тулуган М. кызы И., жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 2012-жылы туулган М.Р. (кыз), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1981-жылы туулган М.С. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө.

Башка жабырлануучулар такталып жатат.

Учурда бейтаптарга дарыгерлер керектүү жардамдарды көрсөтүп, окуяга байланыштуу тактоо иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×