Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуСокулук району 12.03.2018 17:49

Төмөнкү Чүй айылында мектеп үчүн курулган күнөсканага бадыраң отургузулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндөгү №1 орто мектебине курулган күнөсканага окуучулар бадыраӊдын көчөтүн отургузушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттүн башчысы Кемпирбек Эрмеков билдирди.

«Биздин окуучулар жана мугалимдер 10-март күнү бадыраӊдын көчөтүн отургузушту. Бул экологиялык таза азык-түлүк мектеп окуучуларына бекер берилет. Учурда мугалимдердин жетектөөсү менен окуучулар бадыраңдарды өздөрү өндүрүүдө. Долбоор жазып, "Гуд Нейборс" фондунун колдоосу менен сынактык негизде каражат алганбыз.

Күнөскана 4,5 миӊ долларга курулган. Бул долбоордун негизги максаты — окуучуларга биотехнологияны үйрөтүү жана эмгекке үндөө. Буга чейин кеч күздө бир жолу түшүм алганбыз. Күнөскана 2017-жылы сентябрь айында курулуп бүткөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×