Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Пакистандан билим алып келген А.Кенжекулов заманбап үйлөрдүн сыртын жылуулап берет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын 45 жаштагы тургуну Арзымат Кенжекулов 15 жылдан бери үйлөрдү жылуулап, заманбап курулуш иштери менен эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, эки кабат үйлөрдү он күндө жылуулап бүтсө, бир кабат жөнөкөй тамды 3-4 күндө толугу менен жылуулайт.

«Мен курулуш тармагында 2003-жылдан бери иштейм. Ошондон бери үйлөрдү жылуулап, заманбап курулуш иштери менен алектенип келе жатам. Сапаттуу эмгек болуш үчүн материалдарды өзүбүз тандап алабыз. Себеби, кайсы үйгө кандай материал кетерин билебиз. Бир топ үйлөрдү жылууладык, кардарлар бир да жолу нааразы болгон жок. Менден көп кардар кайсыл материал жакшы деп сурап калышат. Ар биринин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Бирок көпчүлүк элдин алына жараша пенопласт жакшы. Анткени ал арзан жана эффективдүү болот», - деди уста.

Ал жасаган эмгектердин баалары ар кандай. Үйдүн бийиктигине, жумуштун татаалдыгына жараша бааланат.

«Мисалы, 100 чарчы метр үй болсо, анын бир чарчы метрин 250-300 сомдон жасап беребиз. Бул учурда жумуш акыбыз 25-30 миӊ сомго айланат. Эгер материалды өзүбүз алсак, анда 45-50 миӊ сомго чыгат. Пенопластты кагып, шыбап, үстүнөн декор тартып, боек чачып, айнектин чекелерине пенопласттан жасалган рамкаларды коюп кооздойбуз.

Менин эмгек жамаатым бар. Анда төртөөбүз эмгектенебиз. Дагы бир эмгек жамаат түзүп, элге кызмат кылсак деген максаттарым бар. Ушул төртөөбүз чоӊ үйдү кооздолушу менен 10 күндө жылууласак, жөнөкөй бир кабат үйдү 3-4 күндө эле бүтүрүп беребиз.

Жумуш жок отуруп калган күндөрүбүз аз. Бизди так иштейт, намаз окуйт, ичпейт-чегишпейт деп кардарларыбыз бири-бирине жарнама кылып турушат», - деди ал.

Уста 1973-жылы 22-апрелде Токтогул районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

«Орто мектепти бүтүп, Германияда аскердик милдетимди өтөп келдим. Андан соӊ Пакистанда 4-5 жыл медреседе билим алдым. Кийин Кыргызстанга келип да медреседе окуп жүрдүм. Дин жагынан билимим бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1240
Көп окулду
×