Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуТоң району 12.03.2018 14:15

Тоңдун Төрт-Күл айылынын жаштары энелерди көлдүн жээгинде өзгөчө форматта куттукташты (фото)

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айылынын 1989-жылы туулган тургундары Аялдардын эл аралык майрамына карата апаларына өзгөчө белек тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Төрт-Күл айылынын тургуну Куттубек Тынымбековдун айтымында, Аялдардын эл аралык майрамына карата апаларды куттуктоо 10 жылдан бери салтка айланып келе жатат.

«Апаларыбызды сейил бакка, көлдүн жээгине алып барып, чакан белектерибизди тапшырдык. Мындай форматта куттуктоо 10 жылдан бери уланып келе жатат. Быйыл өзгөчөлөнүп, өзүбүздүн апаларыбыздан сырткары айылдын өсүшүнө салым кошуп келген алдыңкы апаларды кошо сыйладык. Алар дагы өз кезегинде ыраазы болуп, баталарын беришти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×