Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Сокулуктун Гавриловка айылында жаӊы спорт зал ишке берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылында жаӊы спорт зал ишке берилип, 200 бала машыгып башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты, самбо боюнча Чүй облусунун курама командасынын ага машыктыруучусу Кайрат Тургумбаев билдирди.

«Клуб башчысы Зоодбек Үмөталиев спорт залдын имаратын ижарасыз берди. Мурунку айыл өкмөт башчысы Тагай Бакасов жана айылдык кеӊештин депутаттары демөөрчү таап, спорт залды 50 миӊ сомго оңдоп, 360 миӊ сомго килем алып беришти. Учурда 200 бала машыга баштады. Зал жаӊы ачылып, мелдешке катыша элекпиз. Келечекте көп ийгиликтерге жетишебиз деген үмүттөбүз. Кыргызстандын, Азиянын жана дүйнөнүн чемпиондору чыгат деген тилектерибиз бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 839
Көп окулду
×