Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 12.03.2018 09:19

Кадамжайда 2 унаа кагышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-мартта саат 8:30 чамасында Кадамжай районунда 2 унаа кагышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен «Тико» үлгүсүндөгү унаа кагышты.

«Тиконун» айдоочусу Омина Атабаеванын айтымында, алар жалпы 3 киши болуп Кадамжайга бара жатышкан. Аларга каршы келе жаткан «Дэу Нексия» башка унаадан ашуу үчүн алдыга чыккан учурда кырсыкка кабылышты. Андан эч ким жабыр тарткан жок.

Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге кабар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×