Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 09.03.2018 15:44 Жаңыланды: 09.03.2018 16:22 На русском

Ошто 36 жаштагы аял 3 эм төрөдү

Turmush -  Ош шаарында 36 жаштагы аял 3 эм төрөдү. Ымыркайлар кечээ, 8-мартта төрөлгөнүн Ош облустар аралык клиникалык ооруканадан маалымдашты.

Дарыгерлердин айтымында, кош бойлуу (29 жумалык) аял төрөтканага саат 10:00 чамасында жеткирилген. Ал кечки саат 21:25те салмагы 1 килограмм 32 грамм, боюнун узундугу 38 сантиметр болгон биринчи ымыркайын (уул) өз алдынча төрөгөн. Саат 21:35те экинчи баласын (кыз) 1 килограмм 29 грамм салмакта (боюнун узундугу 34 см) төрөдү. Ал эми салмагы 960 грамм, боюнун узундугу 26 сантиметр болгон үчүнчү ымыркай (эркек) саат 21:50дө төрөлгөн.

Учурда эненин абалы канааттандырарлык, ымыркайлардын абалы туруктуу деп бааланып жатат. Алар төрөт үйүндөгү жандандыруу жана терапия бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда болууда. Ымыркайлардын үчүнчүсү аппараттын жардамында дем алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×