Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусу 02.03.2018 22:30

Чүйдөгү погончон сулуулар (фоторепортаж)

Turmush -  Чүй ОИИБдин борбордук аппаратында 35 аял кызматкер эмгектенсе, анын ичинен 25 кызматкер наамга ээ. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Назира Имангазиева билдирди.

Бул жылы облустун Тергөө кызматынын эң мыкты кызматкери деп Кемин РИИБдин ага тергөөчүсү, милициянын капитаны Сагыналиева Асел Орозбековна табылды. Ошондой эле, Аламүдүн РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын улук сержаты Сатыгул кызы Перизат коомдук коопсуздук кызматынын мыкты кызматкери аталды.

«Бул аял кызматкерлер мырза кесиптештеринен калбай, өзүнүн тармагында мыкты иштеп жатканын тастыктайт», - деди Н.Имангазиева.

АКИpress агенттиги 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата укук коргоо органдарындагы, тактап айтканда Чүй ОИИБде эмгектеген айым кызматкерлердин сүрөтүн топтоду.

Сүрөтчү Азамат Жолчуев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×