Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

«Бакубат Талас» фондунун каржылоосу менен Талас РИИБдин кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылында Талас РИИБдин тергөө бөлүмүнүн жаңы имараты курулду.

Талас РИИБдин жетекчиси Болот Өмүралиевдин айтымында, имарат «Бакубат Талас» фондунун каржылоосу менен салынды. Мурда райондук милициянын иши үчүн түзүлгөн шарттар анчалык жакшы эмес болчу. Тергөөчүлөр авариялык абалган келген эски имаратта иштөөгө мажбур болушчу. Ал имаратта 1992-жылдан бери бир да жолу оңдоо иштери аткарылган эмес.
Ошондой эле, Чат-Базар айылындагы милиция бөлүмүнүн имараты да капиталдык оңдоп-түздөөгө мажбур эле.

Мындан улам ал ар кайсы инстанцияларга кайрылып жардам сураган. Алардын арасында Жерүй кенин иштетүүгө укук алган «Альянс Алтын» ишканасынын «Бакубат Талас» фонду да бар болчу. Фонддун өкүлдөрү долбоорду карап чыгып, аны ишке ашырууга 2 млн 300 миң сом бөлгөн. Дагы 700 миң сомду ИИМ өзү бөлүп берген. Жыйынтыгында кыска мөөнөттүн ичинде РИИБдин тергөө бөлүмү үчүн заманбап жаңы имарат курулду.

Мындан тышкары милиционерлер үчүн ашкана, мончо курулуп, Чат-Базардагы милиция бөлүмүнүн имараты оңдолду. Аталган имараттардын ачылыш аземине «Альянс Алтын» ишканасынын башкы директорунун орун басары, фонддун Байкоочу кеңешинин жетекчиси К.Мусаев, Талас облусунун жетекчисинин орун басары К.Осмонбеков, Талас ОИИБдин жетекчиси И.Касымбаев, Талас районунун акими Б.Нуржанов жана башка жетекчилер, милициянын ардагерлери катышты. Алар РИИБдин кызматкерлерин жаңы мекемелүү болушу менен куттуктап, аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп жаткан «Альянс Алтын» ишканасынын «Бакубат Талас» фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

К.Мусаев милиция кызматкерлерин 23-февраль — Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2649
Көп окулду
×