Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.11.2019 23:36

Кыргызстандын жаратылышы: Көз жоосун алган Ысык-Ата шаркыратмасы (фото)

Turmush -  Ысык-Ата шаркыратмасы Бишкектен 80 чакырым аралыкта, Кыргыз Ала-Тоо кыркасында жана Ысык-Ата капчыгайында орун алган. Туюк капчагайы менен биригип Ысык-Ата зонасына кирет. Бишкектен 1,5 саат аралыкта жетсе болот. Аталган шаркыратма тууралуу аймактык кабарчыга изилдөөчү Гүлбара Оморова айтып берди.

28583876_2265005070192482_896239794_o

- Эл жашаган аймакка жакын Ысык-Ата курорту болгондуктан, ал жерге эс алуучулар 4 мезгилде теӊ абдан көп келишет. Капчыгайдын бийиктиги деӊиз деӊгээлинен 1775 метрден башталат. Узундугу түштүк-батыштан түндүк-чыгышка чейин 50 чакырымды түзөт. Бул жерде майда арчалар көп өсүп, ал эми карагай жокко эсе. Белгилүү болгон радон суулары бар, 2 бассейн жана эс алып ден соолукту бекемдөөчү курорт иштейт. Мындан сырткары бул аймакта 50дөн ашык термалдуу булактар бар. Айланада сары чычырканак, барбарис, ит мурун жана дары чөптөр өсөт.

28580602_2265007460192243_1621314796_o

Ысык-Ата курортунан 1,5 чакырым жогору тараптын сол тарабында биз айтып жаткан Ысык-Ата шаркыратмасы орун алган. Бул чөлкөмдө 3 шаркыратма бар. Биз сөз кылып жаткан сол тараптагы чоӊ шаркыратманын 4 каскады бар. Бирок тилекке каршы эс алуучулар эӊ ылдыйкы гана каскадын көрө алышат. Анын бийиктиги 10 метрге жетет жана андан үстүңкүлөрүнө жетүү оӊойго турбайт.

28579976_2265007570192232_2112576271_o

Биз кыш мезгилинде Ысык-Ата шаркыратмасы катуу тоӊгон учурда жабдыктарыбыз менен барып, музга чыгып машыгабыз. Шаркыратманын үстүңкү каскаддары биригип бийик жана жайык болуп тоӊуп, муздан салынган ордону элестетет. Бул жер музга чыгуучу альпинисттердин сүйүктүү тоӊгон шаркыратмаларынын бири. Шаркыратма эки асканын ортосунда орун алып, кооздугу менен көздүн жоосун алат. Маңдайдагы тоолорго караган кышкы пейзаж ажайып таӊ калыштуу көрүштү тартуулайт.

Ысык-Ата капчыгайынын ортосунда Батый (Ботвей) чокусу жайгашкан. Анын бийиктиги 4000 метр. Ысык-Ата мөӊгүлөрүнөн ушундай эле аталган дарыя агып чыгат. Бул сууда балыктын түрлөрү көп, ошондуктан дайыма балыкчыларды жолуктурасыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×