Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Талас

Кайын эне: Таластык Оңол апа келинин «ханышам» деп эркелетет (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылындагы 88 жаштагы Кашкаралиева Оңол апа келинин «ханышам» деп эркелетет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Кашкаралиева Молдаалы атага турмушка чыкканда кайын журту калыңга 2 кап ун берген.

«Балалык чагымды Каракол айылында өткөрдүм. Атам менен кайын энем сүйлөшүп, жолдошум экөөбүз баш коштук. Аны кайын энем менен үйгө келгенде гана биринчи жолу көрдүм. Үйдүн улуу келини болуп келдим. Чоң үй-бүлө экен, бир үйдө 10 адам жашачубуз. Күндө көмөч казанга нан жасачумун. Үй жумуштан тышкары колхоздун жумушунда орок оруп, арык чаап, машак терип иштедим. Чалым дыйканчылык менен алектенди. Экөөбүз кыйынчылык күндөрдү бирге өткөрүп, чогуу жеңдик. Жаш кезибизде иштедик, карыганда дөөлөттөрүн көрүп, 3 уул, 3 кыздын төрүндө отурабыз», - деди ал.

Оңол апа азыр кенже уулу Жоотбек менен келини Жамал айымдын колунда. Келининин айтымында, Оңол апа ага бир да жолу жаман сөз айткан эмес.

«Менин келин болуп келгениме 30 жылдан ашты. Атам менен апамдан бир да жаман сөз уккан жокмун. Атам өзүнө тың киши, мүнөзү жоош. Өзү эмгекчил болгондуктан ден соолугу жакшы. Апам келиндеринин ичинен мени жакшы көрөт. Мени «ханышам» деп атап алган. Коңшу-колоңдор менен чогуу отуруп чай ичишип калсак «менин ханышамдын курсагы ачкан жокпу?» деп сурап калат. Апам азыркыга чейин баарыбыздын башыбыз биригип калса небере-чөбөрөлөрүнө дастан айтып берет», - деди ал.

Молдаалы ата менен Оңол апанын 70тен ашык небере-чөбөрөлөрү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2517
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×