Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусу 26.02.2018 16:51 Жаңыланды: 26.02.2018 19:01 На русском

Уулум казак эмес, - Казакстанда камалган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун атасы (видео, фото)

Turmush -  Казакстанда аткезчиликке айыпталып камакка алынган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун жарандыгы тууралуу атасы Turmush басылмасынын кабарчысына комментарий берди. Ата-эне уулунан кабар ала электигин, анын кармалганын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу укканын айтышты.

«Мен саясатка аралашпаган, катардагы кара жумушчумун. Ата-энемди багайын деп 16 жашымда иштеп баштадым. 45 жыл кара жумушта иштедим. Жубайым да мектепти гана аяктаган, учурда ооруйт. Биз 5 балалуу: жалгыз уул, 4 кыздуу болдук. Уулумду чоң энеси тарбиялаган. Ысымын да ошолор койгон.

Уулум (Дамирбек Асылбек улуу) 8-классты окуп жатканда борбордон машыктыруучулар келип, "шыгы бар экен, спортчу кылалы, бизге бергиле" деп сурап алышты. Уулум машыгып, кечкисин билим алды. Андан кийин аскерге барып келди. Спортчу болуп, кыргыздын желегин желбиреткенде кубанып келгем.

Уулумду кармалды деп калышты. Аны сыналгыдан уктук. Кармалганы кабар ала элекпиз. Апасы ооруйт, менин да кан басымым жогору, дарыланып турам. Карындашынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Аны (уулун) соода кылган дешти. Бизде эч ким соода-сатык кылбайт», - деди Асылбек Супатаев.

Ал уулу Казакстандын жараны деп айтылган маалыматтар жалган экенин белгиледи.

«Мен кыргызмын, уулум Кыргызстанда туулган. Караколдогу кичи райондо чоңойду. Кантип казак жараны болот?... Спорт менен башка мамлекеттерге баргандыр, бирок барган мамлекеттин жараны болуп калбайт», - деп кошумчалады ал.

Окуя тууралуу:

Казакстанда камакка алынган Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин расмий органдар маалымдаган. Бул маалыматты «Казинформ» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаевге шилтеме берип жарыялады.

Дамирбек Асылбек уулу


ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу

«Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин камакка алынган депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусундагы Кордай районунда туулган, улуту боюнча казак. Жашы жеткенден кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Казакстандын жараны тууралуу паспорт алган», - деди Алмас Садубаев.

Анын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу 2010-жылы паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кайрадан Казакстандын жараны тууралуу өздүгүн аныктаган документ алган.

«Тиешелүү органдарга Казакстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылган эмес. Учурда бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат», - деп кошумчалады А.Садубаев.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган. Ошондой эле, ал Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти.

-----------------------------------------------------------------

Депутаттын кармалышы

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы Дамирбек Асылбек уулу жана башка адамдар аткезчиликке байланыштуу кармалган операция учурдагы видеотасманы жарыялаган.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 15-16-февраль күндөрү Улуттук коопсуздук жана улуттук бюро комитетинин көзөмөл органы бажы тармагындагы коррупцияны, ошондой эле өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуулукту токтотуу максатында Алмата, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алмата шаарында чоң масштабдуу операция жүргүздү.

«Казинформ» маалымат агенттигинин акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстандын камактагы 3 жараны Алмата шаардык сотунун санкциясы менен эки айга камакка алынды.

Шаардык соттун маалыматына караганда, алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 3-бөлүгү (мамлекеттик милдет аткарып жаткан ыйгарым укуктуу кызматкерлердин Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар же башка предметтерди ташуусу) жана 264-берененин 2-бөлүгү ( улуттар аралык уюшкан топко же улуттар аралык кылмыштуу топко катышуу) боюнча айыпталып жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин баш тартуусу

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен аткезчиликке айыпталып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун жарандыгы тууралуу нота келген. АКИпресс агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, анда кыргыз депутаты Казакстандын жараны экени маалымдалган. Бирок Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев АКИпресс агенттигине бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу кайрылбаганын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×