Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.02.2018 12:54

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Кубаныч атасынын жолун улап, 13 жылдан бери жолчу болуп иштейт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Кубаныч Муканбеткалый уулу ата жолун улап, жол тейлөө тармагында 2005-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал Жети-Өгүз районундагы №3 жол тейлөө мекемесин жетектейт. Аталган жол тейлөө мекемеси жалпысынан 295 чакырым жолду караса, анын басымдуу бөлүгүн алыскы сырт өрөөнүндөгү жолдор түзөт. Деңиз деңгээлинен 4028 метр бийиктикте жайгашкан Сөөк ашуусунда кышкысын кар үйүлүп калгандыктан аны өз убагында тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.

«Атам жолчу болуп иштеп жүргөндө аны ээрчип жүрчүмүн, кийин мен дагы бул кесипти аркалап калдым. Атам Кокоев Муканбеткалый 40 жыл ушул тармакта эмгектенди. Мен анын жолун улап жатканыма сыймыктанам. Алыскы Ак-Шыйрак сырт өрөөнү болгону менен жери да, эли да жакшы. Кышкысын 47 градуска чейин суук болгон аймакта жолчулар жашап, жол тыгындарын болтурбоо үчүн аракет кылып келебиз. Сырт өрөөнүнө кетүүчү жолдорду учурунда кардан тазалоо өңдүү иштер жолчулардын күнүмдүк иши.

Кардын калыңдыгы айрым алыскы тоолуу жерде 1 метрге чейин жетет. Быйыл кар жука жааганы менен суук 47 градуска жетти. Мен жетектеген мекемеде 29 жумушчу эмгектенет, жалпы 6 техника бар. Быйыл райондун ички жолдоруна асфальт төшөө иштерин жүргүзүү пландалууда», - деди Кубаныч Муканбеткалый уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×