Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ош облусу, Ош 20.02.2018 10:06 Жаңыланды: 20.02.2018 18:37

Алтын кур, 3 унаа, төө жана тай сайылган сүннөт той: Ноокаттык Жалил балбан 2 унаа утуп алды (фото, видео)

Turmush -  Ноокат районунда 5 млн сомдон ашуун каражат сарпталып өткөрүлгөн сүннөт тойдо көк бөрү уюштурулуп, байгесине 2 алтын кур коюлду.

Той ээси Шабданбек Амиралиевдин айтымында, 18-февралда Т.Зулпуев айыл аймагында өткөн мелдешке өлкөнүн аймактарынан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан бери улакчылар келишкен. Анын башкы байгесине 50 миң сом жана алтын кур, андан сырткары 3 автоунаа, 10 төө, 30 тай, 30дан ашуун кой, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар коюлду. Көк бөрүнү көрүүгө 6 миңден ашуун адам чогулуп, анын алкагында 110 миң сом байге коюлган улуттук күрөш мелдеши да уюштурулган.

Оюндун жыйынтыгында «Опель Астра» жана «Мицубиси Паджеро» автоунааларын Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургуну Жалил балбан утуп кетти. Ал эми «Жигули» автоунаасынын ачкычы Өзгөн районунан келген Манас Ниязовго тапшырылса, башкы байгеге коюлган алтын кур менен 50 миң сомго Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын 58 жаштагы тургуну Маматкасым Рахманбердиев ээ болду. Ошондой эле татыктуу оюн көрсөтүп, башкы байгеге татыган Өзгөн районунун тургуну Жоодар балбанга да алтын кур убадаланып, 50 миң сом сыйлык берилди.

«Той өткөрүү кыргыздын салты болуп эсептелет. Мен аны өзүм максат кылып, ойлогондой өткөрдүм. Менин максатым тойго келген ар бир инсанды ыраазы кылуу болду. 2 күн чоң той өткөрдүк. Ага сарпталган каражатты так айта албайм, менимче жалпы 5 млн сомдон ашуун каражат короттук», - деди Шабданбек Амиралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.16% (821)
«РСК Банк»
31.2% (521)
«Капитал Банк»
5.57% (93)
...
Всего голосов: 1670
×