Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 19.02.2018 16:50

Баткенде жол кырсыктан каза болгон мурдагы депутат Ж.Исаев жерге берилди

Turmush -  Кечээ, 18-февралда Баткен облусундагы жол кырсыктан каза болгон Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жусубали Исаев бүгүн, 19-февралда жерге берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жусубали Исаев 2

Маалыматка караганда, алгач Лейлектин Исфана шаарында эскерүү митинги болуп, ага парламенттин депутаты Мурадыл Мадеминов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, мурдагы президент А.Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмиянов жана жергиликтүү тургундар катышты. Маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн Лейлек районунун Кулунду айылына коюлду. Анын артында 3 уул, 1 кызы калды.

Кырсык кечээ, 18-февралга караган түнү саат 00:20 чамасында Ош—Баткен—Исфана жолунун Баткен районунун Рават айылындагы 290-чакырымында болгон. «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган «КамАЗды» сүзгөн. Алар Ош шаарынан Исфана шаарына бара жатышкан. Экс-депутат ооруканага жетпей каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×