Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусу, Талас 19.02.2018 12:30 Жаңыланды: 11.10.2018 10:31

Айыл турмушу: Таластык А.Дөнөнбаева 18 жылдан бери китепканачы болуп иштеп келет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 50 жаштагы тургуну Айгүл Дөнөнбаева 18 жылдан бери Талас мамлекеттик университетинин Д.Казакбаев атындагы илимий китепканасында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы китепканачыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн. 1988-жылы китепкана таануу адистигин алган.

«Бул китепканада 2000-жылдан бери эмгектенип келе жатам. Ошол жылдары университетте студенттердин саны көп эле. Азыр андан бир топ эле азайып калды. Аларды тейлегенге жетишпей калчубуз. Студенттердин арасында Азиз деген бала бар эле. Ал «ушунча китепти кантип жаттап алгансыздар?» деп таң калып, бизге арнап ыр да жазган.

2013-2017-жылдар аралыгында китепканабыздын башчысы болдум. Ал учурда бир топ алгылыктуу иштерди жасадык. Китепканабыздын өздүк электрондук каталогу жазыла баштады. Эл аралык, республикалык деңгээлдеги конференцияларга барып катыштык, тажрыйба алмашуу болду. Тажрыйба алмашуу үчүн Бишкектеги жогорку окуу жайлардын китепканачылары да келип, биздин китепкана менен таанышып кетишти. Бирок былтыр жаштар дагы иштесин деп кызматымды башка кызматкерибизге өткөрүп бердим. Мурда студенттер көп болуп, китепканага батпай да калышчу эле. Китептерди азыркыга салыштырмалуу көп алып окушчу. Азыркы учурда окурмандардын саны аз. Бирок азыр электрондук китепкана, электрондук каталогдор, ачык порталдар менен маалымат алууга эң жакшы шарт түзүлдү», - деди ал.

Китепканачы айым 3 бала, 1 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×