Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.02.2018 11:27

Тогуз-Тородо элдин нааразычылыгынан кийин алтынды кайра иштетүүчү заводдун курулушу токтотулду

Turmush -  Тогуз-Торо районунда курулуп жаткан алтынды кайра иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулушу элдин нааразычылыгынан кийин токтотулду. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук администрациянын аппарат башчысы Табылды Салиманов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча жергиликтүү тургундар 2 жолу нааразычылык акциясына чыгышкан.

«Кенди кайра иштетүүчү комбинаттын имаратынын курулуш иштери токтотулду. Себеби, район эли ага каршы чыгышып, токтом кабыл алышкан. Тургундардын токтомунун жана Экотехинспекциянын билдирүүсүнүн негизинде иш токтотулду. Учурда курулуш иштери жүргүзүлбөй, имаратты кароолчу гана карап жатат», - деди Т.Салиманов.

Буга чейин район эли былтыркы жылдын сентябрь айынан тарта «Джи Эл Макмал Девелопинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болуп чыгышкандыгы маалымдалган. Чогулгандар атайын токтом кабыл алышып, компаниядан ишин токтотуу менен райондон чыгып кетүүнү талап кылышкан эле.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×