Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 19.02.2018 10:40 На русском

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ж.Исаев каза болгон унаанын сүрөтү

Turmush -  Баткен облусундагы жол кырсыктын кесепетинен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жусубали Исаев каза болду. Күбө «Репортерго» кырсыкка кабылган унаанын сүрөтүн жөнөткөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсык кечээ, 18-февралга караган түнү саат 00:20 чамасында Ош—Баткен—Исфана жолунун 290-чакырымында, Баткен районунун Рават айылында болгон. Исфана шаарынын тургуну Э.Д.нын башкаруусундагы «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган «КамАЗды» сүзгөн. Алар Ош шаарынан Исфана шаарына бара жатышкан.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, жол тандабастын айдоочусу тумандан улам башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен Жогорку Кеңештин (КСДП) мурдагы депутаты Ж.Исаев ооруканага жетпей көз жумган. Кырсыктан жаракат алган 1968-жылы туулган А.Рахат Баткен облустук аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу жабыр тарткан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×