Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуСокулук району 16.02.2018 13:20 На русском

Мечиттен жоголгон долларлар: Жабырлануучу уурдалган 190 миӊ сомуна унаа сатып алмак (видео, фото)

Turmush -  Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 190 миӊ сом уурдалган мечитте мындан 4 жыл мурун да уурдоо фактылары катталып келген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мечиттин имамы Ислам Мамаев билдирди.

Имам И.Мамаевдин айтымында, 33 жаштагы эркек кишинин 190 миң сомун уурдап кетишкен күнү ал мечитте болгон эмес.

«Окуя болгон күнү мен мечитте болгон эмесмин. Акча уурдалган күнү эртеси ал жигит мага келип, "видеокөзөмөлгө тартылган тасмаларды көрсөтөсүзбү, ушундай көп акчам уурдалды" деп суранып калды. Биз видеокөзөмөлгө тартылган тасмаларды көрсөтүп бердик. Анын акчасын мечиттин дааратканасынан уурдап кетиптир. Жабырлануучу курткасын ошол даараткананын ичиндеги илгичке илип коюп, даарат алып жаткан учурда уурдаган.

Негизи 2014-жылдын 1-февралынан бери биздин мечитте уурулук боло элек болчу. Ушул 4 жыл ичинде бир дагы буюм же акча жоголбой, уурулар келбей калган эле. Эми минтип 3-февралда жана 10-февралда эки уурулук фактылары катталды. Биринчиси ушул окуя болсо, экинчисинде дагы бир адамдын 10 миӊ сомдук чөнтөк телефонун, 1500 сомун жана өздүк документтерин уурдап кетишкен. Ушул экинчисинде уурдаган киши — кароолчу видеокөзөмөлгө түшүп калган», - деди ал.

И.Мамаев мындан 4 жыл мурун ушул мечитте 4800 жана 3800 доллар акча уурдалганын жана мындай көп суммадагы каражат уурдоо боюнча онго жакын окуя болгонун кошумчалады.

«Мындан 4 жыл мурун тактап айтканда, 2013-жылдын декабрь айында, 2014-жылдын январында ондон ашуун уурулук фактылары катталган. Ушул мезгилде 4800 доллар, 3800 доллар, 75 миӊ, 35 миӊ жана 20 миӊ сом акча уурдоолор болгон. Мындан улам, мен өзүм 40 күн мечитти кайтарып, "Баалуу буюмдарга, акча каражаттарга сак болгула" деген эскертүү тактамасын илип, мечитке келгендерге микрофон аркылуу күнүгө айтып, эскертип турчу элек. Ошентип уурулук окуялары болбой калган. Ушул акыркы 2 ай мурун мечитке видеокөзөмөл орнотуп, бирок микрофон аркылуу эскертүү айтпай калган элек. Кайра уурулук башталып кетти. Ошол микрофондон айтып туруш керек экен. Эми кайрадан бул жаатта иштерди жасайбыз», - деди ал.

Эскертүү: Бул тасма социалдык тармактан алынды

Алдын ала маалыматтарга караганда, акчасын уурдаткан киши 3-февраль күнү аталган мечиттин жанында жайгашкан автобазардан унаа сатып алмак.

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы мечиттен 33 жаштагы эркек кишинин 190 миң сомун уурдап кетишкен.

Маалым болгондой, 7-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган эркек киши кайрылып, 3-февраль күнү Военно-Антоновка айылында жайгашкан мечиттин ичинен анын курткасынын чөнтөгүнөн 190 миӊ сом акча уурдалганы жөнүндө билдирген.

Бул окуя боюнча Сокулук РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда мечиттеги видеокөзөмөлгө түшкөн тасмалар текшерилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×