Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.02.2018 11:05

Айыл турмушу: Н.Матанов топоз багуунун сырларын жана анын адамга кантип кол саларын айтып берди (фото)

Turmush -  Кыргыз эли байыртадан көчмөн эл катары төрт түлүк мал асырап, жылкысын саап ичип, төө багып, көчүп-конууда аны унаа катары пайдаланып жашап келген. Ошондой эле, кой багып, анын этин азык-түлүк кылып, ийленген терисинен чокой жана чарык тиксе, ийрилген жүндөн жылуу кийим-кече түйүп кийип жашаган.

Учурда чыныгы көчмөн жашоону ыйык тутуп жашап келе жаткандардын бири — Нурбек мырза. Анын чарбасында 15 баш жылкы, 120 кой, 5 баш уй, 30 топоз жана 1 баш төө бар. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 42 жаштагы тургуну Нурбек Матанов жаш кезинен бери малчы болуп, учурда төрт түлүк мал багат. Ал 1976-жылы 24-январда Баетов айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Жубайы аймактык ооруканада лаборант-дарыгер болуп эмгектенет. Алар 4 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

«Жаш кезимден бери эле мал артынан жүрүп, кой кайтарып чоңойгом. Атам Такен Матанов көп жылдар бою малчы болуп эмгектенген. Ошол кишинин жолун улап, төрт тулүк мал асырап жатам. Болгон жумушум, болгон ишим мал чарбачылыгы. Буга чейин жылкы, уй жана кой багып келсем, 2 жылдан бери топоз багууну колго алып, аны көбөйтүүнү максат кылуудамын», - деди ал.

Жайкысын Арпа, Орто-Сырт жайлоорунда жайлап, кышкысын Орто-Сырт кыштоосуна өзү курган чоң сарайында мал төлдөтүп жаткан Н.Матанов топозду багуунун сырларын, пайдасын айтуу менен топоз адамга кол сала турганын кошумчалады.

«Топоз бакканымдын себеби — биринчиден мунун эти адамга жагымдуу жана даамдуу болот экен. Майын жесең кылгырбайсың. Башка малдардыкын көп жесең зыяндуулугу бар. Экинчиден, сатсаң баалуу. Мисалы, бир топозду көлөмүнө жана семизине жараша 40 миң сомдон 50 миң сомго чейин сатасың. Үчүнчүдөн, бул кол карабайт. Тактап айтсам, тоют жыйнабайсың. Талаада өз жанын өзү багат. Семиз топоздор тай кезинде эле тууйт. Болбосо кунаажын кезинде тууйт. Буларды туут учурунда жакшылап кароо керек. Анткени, жаш же биринчи тууту болуп жаткан топоздор мамалагын таштап салып кетип калат. Ошол учурда үйүр топоздорду айдап келип, тууган топозго кошуп карап туруу зарыл.

Топоз адамга кол салат. Мисалы, кичирээктерин колго кармаган учурда эти ооруп калса адамды сүзүп жиберет. Бул өтө кооптуу. Уйдай сүзбөйт, мүйүзү менен челип салышы ыктымал. Ал эми чоң букаларын кармоо кыйынчылык туударат. Ошондуктан аларды атып алабыз», - деди Н.Матанов.

Учурда Нурбек мырза 14 мамалакты колго кармап багып жатат.

«Ургаачы топоздорду (инек) байытыш керек. Экинчиден карышкыр мамалактарга кол салат же ууру-кескилер атып кетиши мүмкүн. Ошондуктан колго багууга туура келүүдө», - деди ал.

Ал бир 1 жылда 15тен ашык топоз сатып киреше табат.

«Учурда 1 баш төө сатып алгам. Көчүп-конууда автоунаа бара албаган жерлерге жүк жеткирүү кыйынчылык туудуруп келген. Ошондуктан жүк ташууга деп төө сатып алгам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×