Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Буга чейин аталган кызматты Абдралиева Гүлмира Курманбековна аркалап жаткан.

Ж.Ногойбаев 2013-жылдын 27-сентябрынан тарта «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеп, 2016-жылдын 1-мартында кызматынан бошотулган. Ага «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалап жүргөндө, 2015-жылдын июль айында ишинде олуттуу кемчиликтерди кетиргени үчүн катуу сөгүш жарыяланган.

Буга чейин 2015-жылдын 20-июлунда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясы өзүнүн отурумунда бир нече кызматкерди, анын ичинде Ж.Ногойбаевди кызматынан бошотуу тууралуу токтом кабыл алган болчу.

Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович 1957-жылы Фрунзе шаарында (учурда Бишкек шаары) төрөлгөн.

Улуту: кыргыз.

Билими: 1974-1979-жылдары Урал политехникалык институту, электрондук техниканын инженер-маханиги адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1979-1985-жылдары Фрунзе заводу, инженер-технолог, программист, техникалык бюронун жетекчиси;

- 1985-1987-жылдары Сары-Жаз тоо-байытуучу комбинаты, которуп жөнөтүү базасынын жетекчиси, топтомдоштуруу бөлүмүнүн башчысы;

- 1987-1987-жылдары Механизацияланган көчмө колонна-264 (ПМК-264), «Чүйпромстрой» бирикмеси, механик;

- 1989-1991-жылдары Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин аймактык илим-экономикалык борборунун пландык комиссиясы, директор, коммерциялык директор;

- 1994-1997-жылдары «ГРАНиК» Кыргыз-Россия биргелешкен ишканасы, жетекчинин орун басары;

- 1997-1998-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын жакшыртуу боюнча Биринчи май райондук инспекциясы, жетекчи;

- 1998-1999-жылдары Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы, курулуш жана чарба бөлүмүнүн жетекчиси;

- 1999-2001-жылдары «Жанар» акционердик коому, тышкы экономикалык байланыш жана маркетинг боюнча вице-президент;

- 2006-2013-жылдары «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коому, башкы менеджер, директорлор кеңешинин мүчөсү;

- 2013-2017-жылдары Транспорт жана жолдор министрлиги, салмак көлөмдүн көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси, «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору, тышкы байланыш жана интеграция бөлүмүнүн башкы адиси.

Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кызы бар.



Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2229
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×