Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Нарын

Ак-Талаада «Мырза жигит» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Балдар билим берүү борборунда Ооган жергесинен совет аскерлеринин чыгарылышынын 29 жылдыгына карата «Мырза жигит» сынагы өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 14-февралда аталган борбордун таланттуу окуучулары ортосунда уюштурулган сынакка жалпы 8 кичинекей мырза катышып, алар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынакта Ооган согушунун ардагерлери, райондук аскер комиссариатынын башчысы Нурбек Шамшыбеков, ардагерлер кеңешинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков жана борбордун директору Айнура Баязова калыстын милдетин аткарышты.

Сынактын жыйынтыгында Айбек Рыскулбеков 106 упай, Адилхан Атыканов 109 упайга ээ болушту. Ошондой эле, Медер Таштанбеков 120 упай, Байнур Үсөнов 122 упай, Марлен Кубанычбеков 125 упай топтоп, «Активдүү катышуучу» наамын алышты. Ал эми 134 упай менен Жыргалбек уулу Ислам 1-орунду, 126 упай менен Кылычбек уулу Кубат 2-орунду жана 126 упай менен Алмаз уулу Эрбол 3-орунду камсыздашты.

Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 465
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×