Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Балыкчыда Ооган согушунун ардагерине арналган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Ооган согушунун ардагери Жумабек Жумакадыровдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Кермакун Давлетов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 17 команда катышты. Токмоктон бир команда, Кочкордон бир команда келсе, калган 15 команда Ыссык-Көлдүн айланасынан топтолгон.

«Мелдеш №4 мектеп-гимназиянын спорт аянтчасында өтүп, 3 күнгө созулду. Жыйынтыгында 1-орунду Тоң районунун Калгар айылынан келген «Калкагар» командасы ээлеп, 8500 сом менен сыйланды. 2-орунду Балыкчы шаарынын «Балыкчы 1» командасы алып, 6500 сом, 3-орунду «Балыкчы 2» командасы ээлеп, 4500 сом, 4-орунду Тоң районунун Аксай айылынан «Аксай» командасы ээлеп, 2000 сом утушту.

Бул мелдеш Балыкчы шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү, балдар спорт мектеби жана маркум Ж.Жумакадыровдун бир туугандары тарабынан уюштурулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 859
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×