Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда Ооган согушунун ардагерлери сыйланды

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Ооганчыларга таазим» иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу университеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чара советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө багышталды. Ага Ооган жеринде кызмат кылып кайткандан кийин ЖАМУда иштеп жүргөн алты ардагер (окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов, окутуучу жана кызматкерлерлер Абдыжапар Шерматов, Шамшидин Нурдинов, Рахимжан Сарымсаков, Камчыбек Сабиров, Марат Мамытов) катышып, аларга сый-урмат көрсөтүлдү.

Иш-чара педагогикалык жана маалымат технологиялар факультети тарабынан уюштурулуп, анда студенттер Ооган согушуна арналган сахналык көрүнүштөрдү, концерттик программаны тартуулашты. Ооган согушунун ардагерлери студенттер менен окутуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Факультеттин деканы Сапарбек Ажыкулов бул иш-чаранын жаштар үчүн тарбиялык мааниси зор экенин белгиледи.

Ооганстанда кызмат өтөөгө Жалал-Абад шаарынан 160 адам чакыртылган. Ооганстанга советтик жоокерлер 1979-жылдын 25-декабрында киргизилип, 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган болчу. Ал согушта 13 миң 833 жоокер, 179 офицер курман болгон. 300 жоокер дайынсыз жоголду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1057
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×