Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Талас

Айыл турмушу: А.Кожошова 1300 сомдук жоолуктарды, ар кандай кийимдерди токуп сатат (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 24 жаштагы тургуну Акгүл Кожошова 7 жылдан бери токуучулук менен алектенет. Аймактык кабарчы кол өнөрчүдөн кабар алды.

Өзүнүн айтымында, А.Огомбаев айылында чоңойгон. 2014-жылы Манас айылына келин болуп келген.

«Кийим токууну 5-классымда чоң энемден үйрөнгөм. 2012-жылдан бери токуу менен тынбай алектенип келе жатам. Көбүнчө жоолуктарды, балдардын, кыз-келиндердин баш кийимин, көйнөктөрдү, байпак, чокойлорду токуйм. Учурда айымдардын береткасына жана кичинекей балдардын баш кийимине буйрутмалар көп болуп жатат. Баалары жиптин баасына жараша болот. Мисалы 200 сомдук жип алсам, андан бир беретка чыкса 450 сомго баалайм. Жоолуктарга жип көп кеткенине байланыштуу 1300 сомго чейин бааланат. Көйнөктөр 400-450 сомго бааланат. Көбүнчө кийимдерди оюмдан чыгарып токуйм. Кийимге түшүрүлгөн гүлдөрдү өзүмдүн оюмдан чыгарам.

Үй-бүлөмдө токуучулукту алып келе жаткан жалгыз мен эле. Сиңдилерим бир аз үйрөнүп, кийинчерээк таштап коюшкан. Өзүмдүн кызым 2 жашта болсо да жиптерди кармап, ар нерселерди жасап ойнойт. Ушул кызым менин жолумду жолдогон кыз болот го деп калам (күлүп)», - деди ал.

Чебер айым 1 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×