Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ысык-Көл

2 жаштагы Арсландын өлүмү: Эксперттер болжолдуу себептерди аташты

Turmush -  Эксперттер Каракол шаарындагы ооруканада каза болгон 2 жаштагы Арсландын өлүмү боюнча болжолдуу маалыматтарды айтты. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. «Эксперттер бала пневмония (өпкөнүн сезгенүүсү) менен ооруп, көз жумганын айтып жатышат. Бирок бул болжолдуу маалымат. Соттук-медициналык экспертизанын акыркы тыянагы даяр болгондо укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрөт. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Анын ата-энеси жана бала бакчанын тарбиячысы түшүндүрмө жазды», - деди ал.

Буга чейин Каракол шаарындагы №14 бала бакчадан 9-февралда саат 11:00 чамасында 2 жаштагы А.Арслан карышып ооруп (судороги), ооруканага түшкөнү маалымдалган. Ал 10-февралда саат 16:00 чамасында каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

Арсландын апасы Наргиза Абдыкадырованын айтымында, уулу эртең менен 08:45 чамасында бакчага эч жери оорубай жакшы абалда кеткен.

«Мага саат 11:06да "Арслан ооруп жатат, бакчага келгиле" деп телефон чалышты. Жолдошум экөөбүз бала бакчага барсак, "облустук ооруканадабыз, ошол жакка келгиле" деди. Биз 5 мүнөткө жетпей бардык. Кабылдамага чуркап кирсем Арслан көпкөк болуп, оозунан тырмагынын учуна чейин көгөрүп кетиптир. Ошондо дарыгерлер көрүп, "жүрөгү токтоп жатат" деп башташты. Дароо жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Менин оюмча аз убакытта балам анчалык көгөрбөйт болчу. Бала бакчадан эле каралбай калган. "Саат 10:00 чамасында уктайм деп жаткан, карасак эле карышып ооруп жатыптыр" деп айтып жатышат. Арслан буга чейин 10:00-10:30 чамасында уктачу эмес. Уктоочу бөлмөдө жалгыз уктап жатыптыр, ошондо жыгылдыбы, ооруп калдыбы, ыйладыбы?... Айтор, каралган эмес. Уктоочу бөлмөнүн эшиги жабылып, берки жакта балдар музыка сабагын окуп жатыптыр. Аккордеондун үнүнөн укпай калышты. Бакчаны эле күнөөлөйм», - деди ал.

Ошондой эле Арсландын мойнунда, башында көк ала тактар бар экени айтылууда.

Ал эми, анын тарбиячысы Нургүл Сыдыкова Арсланга бакчадан биринчи жардам берилип, андан кийин ооруканага алып барышканын айтты.

«Жардамчым келип, "бала кыйналып жатат" деди. Чуркап барсам оозу көгөрүп кетиптир. Аны көтөрүп эле медайымга бардым. Ал биринчи жардамды көрсөттү. Биз тез жардамга 2 жолу телефон чалып, кечигип жатканда такси чакырдык. Ал да кечигип жатканда баланы көтөрүп эшикке чыктым. Ахунбаев көчөсүнө чейин барып, жолдо бара жаткан такси менен ооруканага жеттик. Бала жолдон демигип жатты. Аба киреби дем үйлөп жаттым. Ооруканадан 2 ампула куюшту. Андан кийин ата-энеси келди», - деди тарбиячы.
Арсландын апасы менен тарбиячысынын айткандары
Ошондой эле, буга чейин Арслан көп ооругандыктан дене табын ченеп турчу. Ошол күнү ченегенде дене табы калыбында болгонун билдирди.

Бала бакчанын жетекчиси Аида Аракеева жана кызматкерлер Арслан буга чейин пневмония менен ооруганын билдиришти.

«Бала 2017-жылдын сентябрь айында бакчадагы кенже тайпага кабыл алынган. Сентябрь айында 10 күн келген. Октябрь айында 14 күн, ноябрь айында 14 күн келген болчу. Декабрь айында келген эмес. Январь айында болгону 3 күн келген. 10-январь, 18-январь, 23-январь күндөрү жана 6-7-8-9-февралда келген. Январь айында 3 күн келип, калган күндөрү тарбиячыга апасы "таенеси үйдө карап жатат" деп түшүндүргөн. Келбеген күндөрү энеси тарбиячыга телефон аркылуу "бошмун, үйдөн карайм" деп айтып турган. Декабрь айында курч пневмония (өпкөнүн сезгенип ооруганы) диогнозу менен Каракол шаардык балдар ооруканасына жатып чыккан. Андан кийин "Бишкек шаарынан дарылатып келдик" деп айтышкан. Дарыгерлердин маалымдамасы дагы бар», - деди ал.

Бирок Арсландын апасы ал ооруканадан айыгып келгенин, жөтөлдөн бир өпкөсүнө пневмония өткөнүн, бирок акыркы жолу айыгып чыкканын айтууда. Баласы жөтөлүп каза болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Соттук-эспертиза дайындалып, материалдар Бишкек шаарына эспертизага жиберилгени маалым болду. Анын жообу 1 айда келе турганы айтылды. Учурда Каракол шаардык кеңешинин билим берүү комиссиясы маселе менен таанышты. Алар бул окуяны толук көзөмөлгө аларын айтышты.
---------------------------------------------------------
Пневмония — өпкөнүн сезгениши. Өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оору. Аны бактерия (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (аденовирус, сасык тумоо) козгойт. Көбүнчө бактерия, вирустар дем алуу жолдору, кээде лимфа жана кан тамырлар аркылуу кирет.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11509
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×